Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Каракол суусунун деңгээли көтөрүлүп, жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болду

31.07.2021 10:34
1883
Каракол суусунун деңгээли көтөрүлүп, жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болду


Ысык-Көлдө Каракол суусунун деңгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу 27 турак үйлөрдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Каракол суусунун жээгиндеги бак-дарактарды тамыры менен агызып кеткен жана 1 көпүрө авариялык абалда.

Тартылган күч-каражаттар: Каракол шаардык ӨКБдан 20 куткаруучу жана 4 офицер, ИИМден 40 кызматкер, транспорт кызматынан 2 спринтер тартылган. Жалпы 2 техника 64 адам.

Каракол суусунун кооптуу тилкелерин аныктоо максатында 24 куткаруучу жана шаардык мэриянын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барылууда.

Каракол шаарынын аймагында жайгашкан “Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптоодо. Каракол шаардык Жарандык коорго кызматтарынын инженердик техникалары иш алып баруу үчүн даярдалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн