Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 02:17
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Караколдо 1,37 гектар жер жана ун комбинаты мамлекеттин балансына кайтарылды

07.08.2024 17:55
293
Караколдо 1,37 гектар жер жана ун комбинаты мамлекеттин балансына кайтарылды


Караколдун өнөр жай зонасындагы 1,37 гектар жер жана ун комбинаты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, мамлекетке өткөн мүлктүн наркы 1 миллион долларды түзөт.


"Каракол шаардык муниципалитетинин мурдагы аткаминери 2012-2013-жылдары түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте коммерциялык багыттагы жерлерди арзандатылган баада жеке менчикке өткөрүшкөн. Ошондой эле шаардын башкы планына каршы келген 10 гектардан ашык жер тилкени бөлүп берүү жөнүндө мыйзамсыз токтомдорду чыгарышкан", — деп айтылат маалыматта.


Шектүү О.И.И. келтирилген зыяндын ордуна өнөр жай зонасындагы 1,37 гектар жер тилкесин жана ун комбинатын өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн