Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:24
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Караколдо 18 жаштагы кош бойлуу келин каза болду

03.08.2021 12:07
1638
Караколдо 18 жаштагы кош бойлуу келин каза болду

Каракол шаарынын аймактык төрөтканасында 18 жаштагы кош бойлуу келин каза болду. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы кабарлады.


Маалыматка ылайык, каза болгон келиндин жакындары дарыгерлердин шалаакылыгынан келин каза тапты деп билдирүүдө.


Ысык-Көлдө облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы социалдык тармакка тарап жаткан видео боюнча факт бирдиктүү реестрге каттоого алынганын билдирди. Бирок маркумдун жакындары арыз жаза элек.


Ал эми президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова төрөт үйүндө жыйын болуп, иш көзөмөлгө алынарын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн