Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Караколдо 3 балалуу келин мурдагы күйөөсүнүн колунан бычакталып каза болду

13.11.2022 08:55
309
Караколдо 3 балалуу келин мурдагы күйөөсүнүн колунан бычакталып каза болду

Каракол шаарында 30 жаштагы аял мурдагы жолдошу тарабынан бычакталып өлтүрүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги кабарлады.


Маалыматка ылайык, окуя 9-ноябрда саат 17:00 чамасында Караколдогу “Кумтөр” соода борборунда болгон. Аялына бычак сайгандан көп өтпөй эркек киши өзүнө кол салганын милицияга кабарлашкан.

Күйөөсүнүн колунан каза тапкан келин 30 жашта болгон. Дарыгерлердин айтымында, аялына жана өзүнө кол салган 35 жаштагы кишиге операция жасалды. Бирок абалы оор бойдон калууда.


Маалыматтарга караганда, жубайлар Каракол шаарынан алыс эмес айылдардын биринде жашап жүргөн. Экөөнүн ортосунда үч бала бар. Улуусу сегиз жашта, ортончусу алты, ал эми кичүүсү үч жашта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн