Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Караколдо 78 тонна металл үчүн 500 миң сом алып, изин жашырган алдамчы аныкталды

Караколдо 78 тонна металл үчүн 500 миң сом алып, изин жашырган алдамчы аныкталды

Каракол шаарында алдамчылык кылмышынын бети ачылды.


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, 14-январда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз билдирүүсүндө 13-январда "Сардар" аттуу жаран ишенимине кирип, металл сыныктарын алуу үчүн 528 000 сом акча каражатын алганын, андан кийин жашырынып кеткенин билдирген.


Арыз ээси түшүндүргөндөй, январь айынын башында ага "Сардар" аттуу жигит телефон чалып, 78 тонна металл сыныктарын 19,5 сомдон сатып алууну сунуш кылган. Мындан тышкары, уюлдук телефон аркылуу Каракол шаарындагы темир сыныктардын сүрөттөрүн жөнөткөн. Жолугушкан учурда ал андан Каракол шаарына баруу үчүн 10 000 сом жана металл сыныктарын ташуу үчүн жүк ташуучу унааны ижарага алуу үчүн 18 000 сом сураган. 13-январда алар Каракол шаарында жолугуп, ал жерден металл сыныктарын сатып алуу үчүн 500 000 сом сурап, акчаны алып жашырынып кеткен.


Бул факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) белгиси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жакында Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш ишиктөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө алдамчылык боюнча шектүү жаран аныкталып, кармалган. Ал 1982-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Д.С. болуп чыкты.

Каракол шаардык соту тарабынан кармалган адамга карата ушул жылдын 2-февралына чейин камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн