Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Караколдо 9-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салып каза болду

Караколдо 9-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салып каза болду


Караколдо №1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу өз өмүрүнө кол салып, каза болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 27-октябрда саат 21:00 - 21:30дар чамасында болгон.

Белгиленгендей, баланын апасы Н.О. уулун электрондук тамеки менен кармап алып, тамеки тартып жаткандыгын атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон. Ата-энесинин айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган.

28-октябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева каза болгон баланын үйүнө батага барып, ата-энесине кайрат айтты.

Министрликтен маалымдашкандай, каза болгон баланын апасы ушул эле мектепте география сабагынан мугалим жана 9-класстын класс жетекчиси болуп эмгектенет.

Билим берүү жана илим министрлиги электрондук тамеки жана башка зыяндуу заттардын ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу балдарга сатылып жатканына тыюу салуу боюнча депутаттардын демилгесин колдорун жана ага мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн