Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат

06.10.2023 17:24
255
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат


Президент Садыр Жапаров «Каракол шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жогорку билими бар жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында, КР Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Каракол шаарында М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иши Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) Москва мамлекеттик университетинин филиалына абитуриенттерди кабыл алуу М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт;
3) Москва мамлекеттик университетинин филиалынын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо
М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан белгиленген талаптарга, эрежелерге жана мөөнөттөргө ылайык жүргүзүлөт.

3. КР министрлер кабинети:
1) Москва мамлекеттик университетинин филиалынын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды көрсүн;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. КР Билим берүү жана илим министрлиги:
1) Москва мамлекеттик университетинин филиалына кадрларга болгон муктаждыкты жана республиканын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн келечегин эске алуу менен, мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен жыл сайын 60 орун бөлүүнү карасын;
2) Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иши үчүн укуктук негиз түзүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

5. КР Финансы министрлиги
2024–2025-окуу жылынан баштап Москва мамлекеттик университетинин филиалын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылсын.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн