Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Караколдо алтын буюмду сатып алып, акчасын бербей койгон жаран кармалды

11.08.2022 17:56
517
Караколдо алтын буюмду сатып алып, акчасын бербей койгон жаран кармалды

Караколдо алтын буюмду сатып алып, акчасын бербей койгон жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


2022-жылдын 1-июль күнү Каракол ШИИБне арыз менен 1985-жылы туулган Ж.А. аттуу Каракол шаарынын тургуну кайрылып, арызында 2022-жылдын июнь айында өзүнүн 11 миң сомдук алтын чынжырчасын “Лалафо” интернет сайтына сатыка койгон учурда, ошол эле күнү өзүнө тааныш эмес, жашы болжол менен 20-25 жаш-курактагы азият улутундагы адам А.Ж.га телефон аркылуу байланышып, алтын чынжырчаны сатып алуу тууралуу макулдашып, Каракол шаарынын “Восход” кичи районунан жолугушкан кезде, алтын чынжырчаны алып, акчасын банктык картагага которуп жиберем деп алдап, ошол бойдон дайынын билдирбей иизин сууткан жөнүндө билдирген. 


Факт Каракол шаардык ШИИБдин КБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон.


Жургүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган кылшмышка шектүү катары 1996 ж.т. Чүй облусунун Сокулук районуна карштуу Тош-Булак айылынын Т. уулу Э. аттуу тургуну аныкталган. Шектүү иизин жашырып качып бара жаткан учурда, Ысык-Көл районунун Бостери айылынан Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн жана Бишкек ШИИБдин милициянын кайгуул күзөт бөлүмүнүн полкунун кызматкерлери тарабынан кармалган.  


Учурда шектүү Каракол шаардык сотунун чечиминин негизинде 1-айга Каракол шаарынын ИИБ УКЖга камакка алынган. 


Тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө кызматы, кылмышка шектүүнүн, башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана бул адамдын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган жарандарды, 0706106102, 0703332166 телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн