Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Караколдо эл жашаган көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетип бекитилгенби? Мэриянын жообу

06.04.2020 12:21
892
Караколдо эл жашаган көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетип бекитилгенби? Мэриянын жообу


Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэриясы кабарлады.


Маалыматка ылайык, 5-апрелде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, шаардык штаб Кирпич заводунун аймагындагы 55-үйдү курчоого алууну чечкен. Анткени, бул үйдүн жашоочуларынын биринде COVID-19 белгилери табылган. Ал жаран 30-марттан бери 5 үй-бүлө мүчөсү менен облустук бириккен ооруканада обсервацияда жаткан. Бул жаран кимдер менен байланыш түзгөндүгү тууралуу медиктерге маалымат берүүнү каалаган эмес. Ошондуктан жашаган үйүнө өзгөчө карантиндик статус берүү боюнча чечими кабыл алынган. Аталган үйдү дезинфекциялоо иш-чараларынын жүрүшүндө сварка аппаратын колдонуу менен подьездин эшигин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. 


Андыктан Караколдо эл жашаган көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетип бекитип салышты деген маалымат чындыкка дал келбейт. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн