Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Караколдо эреже бузган 3 тойканага айып салынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды

28.09.2020 19:01
856
Караколдо эреже бузган 3 тойканага айып салынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды


Каракол шаарында 25-сентябрдан 27-сентябрга чейин коомдук тамактануу жайлары тарабынан санитардык эрежелердин талаптарын сактоо боюнча текшерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, аталган иш-чарага милиция кызматкерлери, санэпидемстанциясынын жана мэриянын өкүлдөрү тартылып, шаардын аймагында жайгашкан тойканалар, кафелер жана ресторандар текшерилип чыкты.


Текшерүү көргөзгөндөй, коронавирус жугуштуу илдетинин жайылышынан улам, чектөөлөр киргизилгендигине карабастан, айрым коомдук тамактануу жайлардын администрациялары юбилейдик тойлорду, үйлөнүү үлпөттөрүн, куран окууту жана башка массалык түрдөгү иш-чараларды өткөрүү боюнча заказдарды алышууда.  


Рейддин учурунда, «Барскан», «Тору-Айгыр» жана «Хан-Тенгри» тойканаларында мына ушундай маасалык иш-чаралар санитардык эрежелердин талаптары сакталбастан  өтүп жаткандыгы аныкталган. 


Текшерүүчүлөр тарабынан маасалык иш-чаралардын уюштуручулары менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, иш-чаранын андан аркы өткөрүлүшү токтотулду.


Санитардык эрежелердин талаптарын бузгандыгы үчүн Бузуулар жөнүндө Кодексинин 293-беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) менен протоколдор түзүлүп, ар бирине 3000 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды.


Андан тышкары аныкталган фактылар ШИИБдин КЖБРне катталып, Жоруктар жөнүндө Кодексинин 127-беренесинин 1-бөлүмү  менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.


Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ШИИБдин кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери өтүүдө. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн