Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Караколдо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып келген Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери кармалды

Караколдо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып келген Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери кармалды

 Саламаттык сактоо министрлигинин Каракол шаардык чума оорусуна каршы бөлүмүнүн башчысынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.


  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунун Каракол шаардык чумага каршы бөлүмүнүн башчысы М.Р.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.  


  Такталгандай, аталган жетекчи М.Р.К. кызматтык абалынан пайдаланып, өзү жетектеген мекеменин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча каражатын талап кылып алып турган. Алсак, Ысык-Көл облусунун сырт аймактарында карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды изилдөө жана алдын алуу боюнча Чумага каршы бөлүмүндө эпидемияга жана чаңга каршы отряддардын жасалма тизмелери түзүлгөн. Жыл сайын жай мезгилдеринде тиешелүү буйруктарга ылайык белгилүү сандагы адистерден турган отряддар сырт аймактарына чыгып кетүүгө тийиш. Бирок, иш жүзүндө бир кыйла азыраак сандагылар чыгышкан. Ошол эле учурда мындай адистин ар бирине жол кире акысына акча чегерилген. Сырт аймактарында иш жүзүндө иш жүргүзбөгөн адамдарга акча каражаттар которулгандан кийин, аталган М.Р.К.га системалуу түрдө өткөрүп берип турушкан.


 Азыркы учурда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, М.Р.К.нын мындан башка мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн