Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 12:43
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Караколдо мыйзамсыз менчиктештирилген 15 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

23.07.2024 18:10
1070
Караколдо мыйзамсыз менчиктештирилген 15 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды


Каракол шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 14,8 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, шаарда жайгашкан 2 275 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Шаардык прокуратура тарабынан текшерүүнүн жыйнтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары тарабынан толугу менен канааттандырылып, 14 млн 850 миң 140 сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн