Тогуздун айы 11, 2024
Убакыт: 16:26
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.875
0.915

Караколдо "Ломоносов мектеби" илимий-окуу комплекси ачылды

11.10.2024 14:02
18
Караколдо "Ломоносов мектеби" илимий-окуу комплекси ачылды


Караколдо "Ломоносов мектеби" илимий-окуу комплексинин расмий ачылышы болуп өттү. Билим берүү мекемеси Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.


Москва мамлекеттик университетине караштуу мектеп 660 окуучуга ылайыкташкан. Долбоорду ишке ашыруу үчүн буга чейин РКӨФ 1,5 миллион доллар бөлгөн.


"Мектеп алгачкы окуучуларын сентябрда эле кабыл алган. Ал жакта балдар чет тилдерин жана табигый илимдерди тереңдетип үйрөнүү менен мыкты дүйнөлүк стандарттарга ылайык окутулат. Бул жакта робототехника, программалоо, шахмат, хореография жана башка ийримдер бар", — деп айтылат маалыматта.


Мектепте жергиликтүү да, Россиядан "Чет өлкөдө орус мугалими" программасы боюнча келген мугалимдер да сабак бермекчи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн