Бугу 04, 2024
Убакыт: 17:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Караколдо рейддин жүрүшүндө эмгектенген 12 өспүрүм аныкталды

10.08.2022 11:44
673
Караколдо рейддин жүрүшүндө эмгектенген 12 өспүрүм аныкталды



8-9 август күндөрү Каракол шаарында «Эмгек-Өспүрүм» рейдтик иш чарасы болуп, ага шаардык милициянын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору, мэриянын социалдык бөлүмүнүн жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу  Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.


Рейдтин жүрүшүндө базарлар, эмгек биржалары, унаа жуучу жана башка жайлар текшерилип, аталган жерлерде 12 жаш өспүрүм иштеп жаткандары аныкталды. Текшерүү учурунда иш берүүчүлөр балдар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен тиешелүү эмгек келишимдерин түзүшпөгөндүгү белгилүү болду. Аныкталган фактылар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, иш берүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген балдар эмгегине жол бербөө боюнча катуу эскертүүлөр берилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн