Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Караколдо салык органынын башчысы пара алганы үчүн кызматтан алынды

10.06.2020 17:44
974
Караколдо салык органынын башчысы пара алганы үчүн кызматтан алынды

 

Каракол шаары боюнча салык органынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Каракол шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызмат ордунан бошотулган. Тийиштүү буйрукка мекеменин төрагасы Кабыл Абдалиев 10-июнда кол койгон.


Ал эми буйрукка бөлүмдүн башчысы кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылгандыгы жөнүндө (пара алуу) Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 4-июнундагы соттук чечиминин негизинде кол койгон.


Буга чейин аталган кызматкер алдын ала иликтөө жана соттук териштирүү мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.


Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын башчысы аталган факт боюнча кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча өз убагында иш-аракеттерди көрбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматына ылайык эместиги жөнүндө эскертүү берилгени айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн