Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Караколдо санитардык эрежелерди сактабаган коомдук транспорттун айдоочусуна айып салынды

28.06.2020 09:35
1036
Караколдо санитардык эрежелерди сактабаган коомдук транспорттун айдоочусуна айып салынды


Каракол шаарында коронавирус инфекциялык илдетинин жайылышына жана жугушуна жол бербөө максатында коомдук транспорттор арасында санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд өтүп жатат. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, бир күндүк рейддин жүрүшүндө 70ке жакын таксисттер, 45 кичиавтобус жана 4 автобус айдаган айдоочулар текшерүүдөн өтүштү. Рейд учурунда 1 айдоочу санитардык эрежелерди сактабастан  жүргүнчүлөрдү ташып жүргөндүгү аныкталды. Аталган айдоочуга бузуулар жөнүндө кодексинин 150 беренеси (Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу) менен протокол түзүлүп, 3 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды жана маршруттан алынды.


Рейд учурунда жол коопсуздугунун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташууда санитардык эрежелерди сактоо жана дарыгерлердин өздүк гигиена боюнча кеӊештерин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.  Рейд 3 күндүн аралыгында өтмөкчү.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн