Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Караколдо санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга айып салынды

08.09.2020 17:35
708
Караколдо санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга айып салынды


Каракол шаарында санитардык эрежелерди сактабаган коомдук транспорттордун айдоочуларына айып пул салынууда. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.  


Маалыматка караганда, Каракол шаарында коронавирус илдети менен байланышкан абалды жакшыртууга, белгиленген санитардык эрежелердин сакталышына жана шаар тургундарынын саламаттыгынын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында рейд жүргүзүлдү. 


"Бир күндүн ичинде Каракол шаарында 50гө жакын таксисттер, 35тен ашык кичи автобустардын жана 5 автобустун айдоочулары текшерүүдөн өтүштү. Рейд учурунда коомдук транспорттун 2 айдоочусу санитардык эрежелерди сактабастан, жүргүнчүлөрдү ташып жүргөндөрү аныкталган. Аларга карата, Бузуулар жөнүндө Кодексинин 150-беренеси  менен протоколдор түзүлүп, ар бирине 3000 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды. Андан тышкары, аныкталган кемчиликтерди жойгончо маршруттардан алынышты", - деп айтылат маалыматта. 


Белгилеп кетсек, Ысык-Көл облусунда 10-сентябрга чейин коомдук транспортторго карата санитардык эрежелерди сактоо боюнча атайын рейд өтүп жатат.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн