Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 14:43
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Караколдо катуу шамалдан келтирилген чыгым аныкталды

30.06.2020 12:47
1138
Караколдо катуу шамалдан келтирилген чыгым аныкталды


Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында шамалдан келтирилген чыгым 394 550 сомду түздү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-июнь күнү саат 14:45 чамасында секундасына 25 метрге жеткен шамал катталып, Масалиев көчөсү №45 дарегинде жайгашкан “Май Хотел” мейманканасынын кампасынын 475 чарчы метр түзгөн темир чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

28-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 29-июнь күнү комиссия тарабынан акт түзүлүп, шамалдан келтирилген чыгым 394 550 сомду түзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн