Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Караколдогу отун базасында өрт коопсуздугу сакталган эмес

18.08.2021 14:29
2829
Караколдогу отун базасында өрт коопсуздугу сакталган эмес



Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы отун базасында өрт коопсуздугу сакталган эмес. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин комиссиясы жергиликтүү бийликке коопсуздуктун алдын алуу иш-чараларын күчөтүү сунушун берди.  Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жетектеген комиссия

Каракол жылуулук ишканасынын от казандарынын кышка даярдыгын текшерип, бир катар тапшырмалар берилди.


«Электр энергиясынын жана жылуулуктун техникалык жоготуусун алдын алуу чараларын күчөтүү шарт. Биз электр энергиясын үнөмдүү колдонуу боюнча чакырыктарды жасап жатабыз. Бирок от казанда союз мезгилиндеги лампалар илинип турат. LED лампаларга алмаштыруу шарт. Бул маанилүү. Анткени электр энергиясы биздин байлык. Аны үнөмдүү колдонушубуз керек. Элге дагы сарамжалдуу колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү керек», - деди Доскул Бекмурзаев. 


Жогорку чыңалуудагы «Прежевальск» көмөк чордонунун кышка даярдыгы да текшерилди. Көмөк чордон жылытуу мезгилине даяр.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн