Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

УКМК: Жалган маалымат тараткан адам кармалды

31.03.2020 14:59
872
УКМК: Жалган маалымат тараткан адам кармалды


Каракол шаардык санитардык постунда автоунааларды текшербей, акча алып кое берүүдө деп жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында 1964-жылы туулган Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районун тургуну К.Ш. аттуу  жаран кармалган.

 

Аны менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сураганы айтылат.


Учурда анын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн