Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Карантиндик посттор эпидкырдаал турукташканга чейин иштейт (фото)

10.05.2020 15:03
1070
Карантиндик посттор эпидкырдаал турукташканга чейин иштейт (фото)


Өзгөчө кырдаал режимин сактоо ар бир кыргызстандыктан өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди, деп маалымдады министрлер кабинетинин басма сөз кызматы


Өкмөт башчы буга чейин өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылуусунда республика боюнча өзгөчө кырдаал режимин узартуу тууралуу билдиргенин айтты. 


Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24:00дө аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.


Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет.


Коронавирус пандемиясынын дүйнөгө жайылышына байланыштуу түзүлгөн абал ар бир жарандан өзүнүн ден соолугуна жана өмүрүнө өзгөчө жоопкерчиликтүү болууну талап кылат. Санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоо боюнча эрежелерди так аткаруунун негизинде гана бул инфекциясын жеңебиз», - деди премьер-министр. 


Мухаммедкалый Абылгазиев
баса белгилегендей, бүгүнкү күндө көрүлүп жаткан бардык чаралар эң башкысы жарандардын саламаттыгын сактоого багытталган. Ал мекендештер киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү жана жоопкерчилик менен кабыл аларына ишеним билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн