Бишкек
шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев карантин бүткөн учурда алгачкылардан болуп кайсы
иштин түрлөрүнө уруксат берилерин айтты.
Анын айтымында, биринчи кезекте калктын күнүмдүк жумуштарды аркалап акча тапкан
чөйрө – курулуш, унаа оңдоочу жайлар, дөңгөлөк желимдөө, такси кызматтары
санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен (бир унаада 2ден ашык адам
болбошу керек) иштерин баштайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн