Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 15:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Карантин эрежесин сактабагандарга 300 миң сомго чейин айып салынат

23.03.2020 12:36
798
Карантин эрежесин сактабагандарга 300 миң сомго чейин айып салынат

 

Өзгөчө кырдаал учурунда үй карантинин бузуп көчөгө чыккандар, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты.


Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык, атайлап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган, байкабастыктан массалык ооруларга, адамдарды уулантууга же же болбосо ири зыян келтирүүгө алып келген жактарга VI категориядагы айып салынат же белгилүү бир кызматты ээлөө же эки жылга чейин белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратылат. 

 

Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесине ылайык VI категориядагы айыптын көлөмү жашы жете электер үчүн – 1200дөн 1400 гө чейинки эсептик көрсөткүч, башка физикалык жактар үчүн – 2600дөн 3000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөр.  

 

Ошондой эле, Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесине ылайык “Атайлап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган, байкабастыктан массалык ооруларга, адамдарды уулантууга же же болбосо ири зыян келтирүүгө алып келген” мыйзам чегинде 1 жылдан 2 эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.


Мындан сырткары, монополиялык жогорку же монополиялык төмөнкү бааларды белгилөө же кармап туруу, же ошого тете эле рынокту бөлүштүрүүгө, рынокко чыгууну чектөөгө, андан экономикалык иштин башка субъекттерин четтетүүгө же бирдей бааларды белгилөөгө же кармап турууга багытталган сүйлөшүү же макулдашылган аракеттер аркылуу атаандаштыкты чектөө, эгерде бул жосундар ири өлчөмдөгү киреше алуу менен коштолсо 216-берене (рейдерлик) менен жоопко тартылат.


Бул мыйзамга ылайык V-категориядагы айып (220-260 миң сом) же биринчи категория боюнча эркинен ажыратуу (эки жыл алты ай)  I-категориядагы  айып (60-100 мин сом жеке жактарга) каралган. Ушул эле кылмышты адамдардын  тобу менен аткарганга алтынчы категориядагы айып жана эркинен ажыратуу каралган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн