Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:47
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Карантин кирген 12 күн ичинде өлкө аймагында 1 944 жаран кармалды

06.04.2020 09:40
747
Карантин кирген 12 күн ичинде өлкө аймагында 1 944 жаран кармалды


Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген аймактарында бүгүн, 6-апрелге карата коменданттык саат киргизилген убакыт ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 78 жаран жеткирилди.


Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча - 66,

Ош шаары боюнча - 2,

Жалал-Абад шаары - 6,

Сузак районунда - 2,

Кара-Суу районунда - 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.


Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1 944 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.


ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.


Урматтуу биздин мамлекеттин жарандары, өлкөбүздүн жана өзүбүздүн коопсуздугубуз өзүбүздүн колубузда экендигин эске алуу менен бекем тартипти сактоого чакырабыз. Ар бирибиз обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Ар бир тартип бузуунун аркасында – мыйзам чегинде жоопкерчилик деген бар. Ошол себептүү ар бир кыргызстандык ушундай өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек. Бул Ата-Журтубуздун алдындагы парзыбыз жана милдетибиз”, - деп белгиледи ИИМдин басма сөз кызматы.

 

 

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн