Бугу 12, 2024
Убакыт: 00:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Карантин коронавирустун жайылышын токтото албайт, - ДСУ

21.07.2020 19:59
1079
Карантин коронавирустун жайылышын токтото албайт, - ДСУ


Коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн киргизилип жаткан карантиндик чектөөлөр вирустун жайылышын токтото албайт. Мындай пикирин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) директору Тедрос Гебреисус брифингде айтканын чет элдик басылмалар жазып чыкты.


"Карантиндик чектөөлөр коронавирустун жайылышын толугу менен токтото албайт. Алар жөн гана инфекциянын тездик менен таркалуусун басаңдатат", - деген Тедрос Гебреисус.


Анын айтымында, вирусту алдын алуу үчүн негизги ыкмалардын бири байланышта болгондорду издөө, аныктоо жана изоляцияга алуу болуп саналат. Эгер вирусту алып жүргөндөр аныкталбаса, эч бир өлкө эпидемияны башкара албарын айткан.


Белгилей кетсек, дүйнөдө коронавирус инфекциясы 14 730 716 адамдан аныкталды. Алардын 8 миллон 300 миңге жакыны оорудан айыкты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн