Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Карантин шартындагы Стамбул, - фоторепортаж

28.04.2020 10:27
894
Карантин шартындагы Стамбул, - фоторепортаж


Бул Түркия мамлекетиндеги Стамбул шаарынын борбордук көчөлөрү. Төмөндөгү кадрлар кыргызстандык мекендеш Улукман Сабиралиев тарабынан тартылды.


Улукмандын айтымында, Стамбулда 4-апрелден баштап карантиндик режим киргизилген. Көчөгө 20 жашка чейинки балдар менен 65 жаштан өйдө курактагы улгайган адамга чыгууга тыюу салынган. Жума күнү кечки убактан баштап дүйшөнбүгө чейин коменданттык саат иштейт, ал учурда эч кимдин көчөгө чыгуусуна жол берилбейт.


Башка учурда көчөгө чыккан ар бир жаран бет кап кийүүгө милдеттүү, зарыл керектөөдөгү буюм же тамак-аш алуу үчүн гана басууга уруксат. Азык-түлүк саткан кичи дүкөндөр гана иштебесе, чоң маркеттер жабылган. Ошондой эле дем алыш күндөрү базар, дүкөндүн бардыгы жабык болот.  


Мындан тышкары коомдук жайларда адамдар бири-биринен аралыкты сактоого чоң маани берилген. 


Коменданттык саат бүткөндөн кийинки аптанын башталган күнү


Банк же дүкөнгө кезек күтүүдө ушундай аралык сакталышы шарт


Патрулдук көзөмөлчүлөр, ар бир жарандын кайда баратканын сурап турат 


Базарлар 9дан 19:00гө чейин иштейт 


Трамвайда ортодо бир орундук бош калууга тийиш


Мармарай ичинде адамдар ушундай болуп турушу керек деген белги


Метро ичи бош


Объектилердин ичинде дезинфекциялык каражаттар коюлган


Ири соода түйүндөрү жабылган


Учурда Түркияда 110 миңден ашык адам коронавируска чалдыкты, анын 60 пайызы Стамбулда катталган. Ал эми жалпы каза болгондор өлкө боюнча 3 миңге жакындады. 















Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн