Кыргызстанда 2020-жылдын апрель-май айларындагы аба каттамдардын саны
2019-жылдын апрелине салыштырганда 90%га азайган. Бул тууралуу Аба транспортунун
эл аралык ассоциациясынын (ИАТА) маалыматында айтылат.
Белгилей кетсек, дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан өз жарандарын чет өлкөдөн кайтарууга байланышкан чартердик каттамдарды жана жүк каттамдарын кошпогондо үзгүлтүксүз ички жана эл аралык каттамдарды токтоткон.
Бүгүнтөн тарта Бишкек–Ош–Бишкек боюнча алгачкы рейстер тейленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн