Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Карантинде студенттердин контрактары азайтылышы керек, - Табылды Акеров

31.03.2020 18:58
1255
Карантинде студенттердин контрактары азайтылышы керек, -  Табылды Акеров


Окуу жайлар карантинге жабылып, студенттер дистанттык түрдө окуп жатканда алардын контрагынын өлчөмү да өзгөрүшү керек. Мындай пикирин тарых илимдеринин кандидаты, доцент Табылды Акеров " “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.   


Табылды Акеровдун пикиринде мындай кырдаалда дагы, документ түрүндө бекитилген ортодогу келишимге ылайык иш алып барылыш керек. 


"Карантин бир айга кирип жаткандан кийин, сөзсүз түрдө студенттердин контрактары да азайтылышы керек. Мисалы, бирөөнүн үйүн квартирага алгандар деле, ошол квартирада жашаган күнүнө эле төлөйт да. Ашык төлөбөйт.  Анткени ошондой сүйлөшүлгөн. Бул жерде да ЖОЖдор контракт түзгөндө студенттерди «очно» окутабыз деп милдеттемесин алып жатышпайбы. Экинчи семестр 1 февралда башталган. Мартта студенттер 1 айга карантинге тарашты. Бирок, университеттер онлайн режиминде сабак берүүгө өттү. Контрактын шарттары толук өзгөрүп жатпайбы. ЖОЖдор студенттерди сырттан окуу режимине өткөрүп жатышат. «очно» окуган  студенттер 35 миңден 50 миңге чейин төлөшөт, ал эми сырттан окугандары  22 минден 28-30 миңге чейин төлөшөт. Айырма барбы, бар."


Ошондой эле Табылды Акеров бул кырдаалда жогорку окуу жайлар өзүм билемдик кылып, түзүлгөн келишимдерди аткарбай жатканын, алардын аткарылышын министрлик көзөмөлдөшү керек деген пикирде.

 

"Бир ай болсо да, контракттык келишим бузулду да. Бирок, ЖОЖдор аны моюндарына алгысы келбей, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илгендей мамиле кылып жатат. Эми алар онлайн окууну июнга чейин жылдырып алууну көздөшүүдө. Анан албетте, эгер контракт акысы өзгөртүлбөгөн болсо, анда бул алдамчылык катары кабылданып калышы мүмкүн. Ошондуктан, министрлик менин үйүм башка короодо дегендей кылбай, өзүнүн так, ачык позициясын көрсөтүшү керек. Башка өлкөлөрдө жарандарына кандай жардамдар көрсөтүлүп жатат. Эмне үчүн бизде ЖОЖдордо контракт акысын төмөндөтүп койсо болбосун, болот албетте.  Бирок, Бизде ЖОЖдордун баары контрактык негизде болгондуктан, түшкөн акчанын көп бөлүгү жетекчиликтин чөнтөгүнө түшөт. Ал эми жеке менчик  ЖОЖдордо акчанын баары эле бир чөнтөккө кетет. Ошого ЖОЖдор контрактын азайбашына кызыкдар. 

Ал эми министрлик, акырын билмексен болуп отурат. Өздөрү чечип алсын деп. Анда бизге министрликтин эмне кереги бар", - дейт Акеров.  


Билим берүү министрлиги бүгүн, 31-мартта студенттердин контракт маселеси каралып жатканын билдирди. Бирок анда төгүү мөөнөтү гана жылары айтылат. Министрликтин бул кадамы тууралуу пикирин сураганыбызда серепчи төмөндөгүдөй оюн айтты:  


"Ооба. Бүгүн министрлик ушундай позициясын билдирди. Бирок, бул туура эмес. Мунун өзү министрликтин бул маселе боюнча таптаза позициясы жок экенин билдирип жатат. Бул проблеманын бар экендигин да билгиси келбей жатканы көрүнүп турат. Студенттер контрактын кайсы бир бөлүгүн сентябрда төлөйт. Анан акырындык менен жылдын аягына чейин калган бөлүгүн төлөйт. Бул мурдатан бекип калган норма. Бүгүн карантинге байланыштуу аны жылдырып коюну ЖОЖдор өздөрү эле чечип коет. Себеби, алар да потенциалдуу акча алып келүүчү булагы болгон студенттерди жоготуп алгысы келбейт. Ошондуктан, министрлик бул маселени чечип берип жатабыз дегени караманча калп.  ЖОЖдордун жетекчилиги алты айлап сабакка келбей, сесияда келип, акча төлөп койгону үчүн студенттерди мугалимдерди коркутуп эле өздөрү сессиядан өткөрүп жиберип жатышса, анан ушул маселени министрликтин кийлигишүүсүз чече албай калмак беле. Министрлик бул аракети менен ЖОЖдордун алдамчылык кылып жатканына көз жумуп койгону жатканын көрсөттү", - дейт серепчи. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн