Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 04:24
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Шашлык алып берүү милициянын милдети эмес

25.03.2020 16:31
1061
Шашлык алып берүү милициянын милдети эмес


Ош облусунда обсервацияда жаткан аял милиция кызматкерине шашлык алып бер деген видео социалдык тармакка тарады.


Видеодо карантинде жаткан аялдын тартип сакчыга “шашлык, жакшы тамак алып бергиле”, - дегенин угууга болот.


Бул видеого Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан милициянын милдетине шашлык алып берүү кирбейт деген жооп кайтарды.


“Укук коргоо кызматкерлеринин милдетине обсервацияда убактылуу жаткан жарандарыбызга тамак-аш алып келүү кирбейт. Милиция кызматкерлеринин негизги милдети-ал жарандардын коопсуздугун коргоо жана убактылуу изоляцияда кармоо эрежесин камсыздоо болуп саналат. Аманчылык болсо, эжеге шашлык жеген күн келет”, - деген басма сөз кызматы.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
АСЕЛ
Милиция бул элдерди ар кандай душмандардан сактап туруш керек деп ойлойм