Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Карантинде жөн эле жатпай, анда-санда күзгүдөн каранып жаталы

27.03.2020 11:45
862
Карантинде жөн эле жатпай, анда-санда күзгүдөн каранып жаталы

Даниель Ажиев - коомдун күзгүсү ал. Бала чагында сүйүү көрбөгөн, төпөш жеп калган, басынып калган, көп нерсеге жетпей кордук көргөн бала чоңойгондо ушундай болуп калат. Комплекси менен чоңоет. "МЕН" деп анан төш кагып, ичиндеги мендигин элдин баарына көргөзүүнү каалайт. Өзүн эч киммин деп чоңойгон, "невидимка" ордуна койгон бала баарына көрүнгүсү келет. "Мени кыйын бала экен" деп ойлошсун, "Мени көрүшсүн! Жогорку баа беришсин. Эсептешсин" дейт. Анткени аны эч ким көргөн эмес убагында, басынтышкан. Бөтөнү эмес өзүн-өзү да көргөн эмес. Көпчүлүгүбүз эле ошондой чоңойгонбуз. Бирок ар бирибиздин формабыз ар кандай.

 

 

Эмнеге дүнүйө чогултабыз? Машинабызды мактанабыз? Кредит алып душман көзүнө көрүнөбүз? Балдарды таштап коюп , жаныбызды тишибизге тагып алып, чуркап акча чогултабыз, эки этаж үйлөрдү курабыз? Өзүбүз үчүнбү? Анан аны "Эл көзүнө", "Душман көзүнө" "Эл эмне дейт" деп атайбыз! Демек, өзүбүз үчүн эмес эл үчүн турбайбы! Баарыбызда "Элге жагынуу", "Эл мен жөнүндө жакшы ойлонуп калсын" комплекси ар бирибизде жашайт! Андай эмеспи? Балким ичибиздегини тырмап койсо, андан өткөн жиндилигибизди көрсөтөттүрбүз? Карантинде жөн эле жатпай, анда-санда күзгүдөн каранып деле жаталы, туугандар. Асмандан түшсөк дагы! #жөнэлеой


Назира Айтбекова


 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн