Бугу 12, 2024
Убакыт: 06:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Карантиндин ханзадага да тиешеси бар

11.06.2020 10:54
954
Карантиндин ханзадага да тиешеси бар


Испаниянын Андалусия автономиялуу аймагынын бийликтери бельгиялык король Филипптин 28 жаштагы жээни принц Йоахимди коронавируска байланыштуу карантин режимин бузгандыгы үчүн 10,4 миң евро айыпка жыкты деп маалымдады Рейтер агенттиги.


Принц Йоахим окуу стажировкасынан өтүү максатында Андалусияга 24-майда келген жана эреже боюнча эки жумалык карантинде өтүшү керек эле. Бирок, ал бир нече күндөн кийин эле конокко барган. Ал эми тапшырган тести анда коронавирус бар экендигин көрсөткөн.


Woldmoter эл аралык статистикалык бюросунун 10-июнга карата маалыматы боюнча Испанияда вирус жуктургандардын саны 289 360 адамды, алардын ичинен каза тапкандары 27 136ны түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн