Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Карантинден кийин дүйнө кандай өзгөрөт?

26.03.2020 14:30
952
Карантинден кийин дүйнө кандай өзгөрөт?


Коронавирус пандемиясы миллиондогон адамдардын күнүмдүк жашоосун бир заматта өзгөрттү. Эки үч айдын эле ичинде адамзаттын баалуулуктары өзгөрүп, керектөөчүлөр коому  коопсуздукту биринчи орунга койгон коомго айланды.  

Техниканын жаңы мүмкүнчүлүктөрүнөн улам башка өлкөгө бир нече саатта гана кирип барып, саякатты сүйгөн биздин ааламдашуу доорунун адамдары азыр өз өлкөсүнөн же шаарынан гана эмес, жада калса батиринен чыга албай отуруп калды.  

Айрым адисттер коронавирус менен кошо адамзатына жаңы доор келе жатканын айтышууда. Бул жөнөкөй эмес кризисттик кырдаалдан өткөн адамдарды таптакыр башка доор күтүп турат деген да пикирлер бар.  


Эмне өзгөрүүдө? 


Карантин кайсы бир тармактарды чектеп, экономикалык жоготууларга алып келип жатканы менен кайсы бир тармактын өнүгүүсүнө шарт түзүүдө. Мисалга адамдар азыр онлайн иш алып барганга өтүүдө. Алыс барбай эле коңшу Казакстанды алсак, артисттери онлайн концерт берүүгө камданып жатса, жаштары жада калса онлайн тойлорду өткөрүп жатышат.  



Нур - Султан шаарынынтургундары Асел менен Азаматка жакындары видео чалуу менен эле куттук айтып, кыздын ата-энеси башка шаарда жашагандыктан видео байланыш аркылуу баталарын беришкен. 




Онлайн билим берүү, аралыктан иштөө


Бул онлайн иш алып барууда арыштуу кадам таштап жаткандар бул аралыктан иштөө жана онлайн билим берүү. 


Албетте эртең менен эрте туруп бир саат жуунуп чайынып, анан жолго дагы ошончо убакыт коротуп жүрүп, карантин учурунда андай убакыт жоготпой эле эффективдүү натыйжа чыгарса болорун билгендер үчүн мурунку көз караштары өзгөрөрү турган кеп. 




Ал эми азыр карантин учурунда убактыларын текке кетиргиси келбегендер онлайн билим алууга өтүүдө. Учурда 3 миллиардга чукул адам карантинде отурганын эсепке алганда онлайн билим берүү менен алектенгендердин кардарлары канча эсеге өскөнүн элестетүү да кыйын.  


Телемедицина 


Муну менен катар саламаттыкты сактоо жаатындагы эксперттер телемедицина өсөөрүн айтып жатышат. Канчалык осол көрүнгөн менен азыр коронавирустан улам дарыгерлерге көзмө-көз жолугуу коркунучтуу болуп калды.  




Мыйзам чыгаруу жааты 


Онлайн форматка демократиялык өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруучулары да өтүүсү мүмкүндүгүн Массачусетс университетинин директору Итан Цукерман айтып чыкты.  Алгач алар карантин учурунда иштеп көнүп, кийин бул ыкманын иш жүзүндө натыйжалуулугун көргөндөн кийин өздөрү эле өтүп кетишет деген пикирде. Анткени саясатчыларга өз шайлоочулары менен көп убакыт өткөрүү пайдалуу  жана алар мындай жол менен коомчулукту жакшы түшүнө башташат деген ойдо Итан Цукерман.  



Карантин элдин бийликке көз карандылыгын күчөтөт


Карантин ошол эле учурда расмий бийликтин аброюн да артырууда. Жарандардын алдындагы белгисиздик жана кооптуу кырдаал аларды бийликке көз каранды кылып, брифингдер жана саламаттыкты сактоо министрлигинин кеп кеңештери болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп чыга келди. 




Ошондой эле адисттер электрондук демократия чоң секирик жасоосуна да карантиндин таасири зор болорун белгилеп жатышат.  Алар ачык жана аз чыгымдуу добуш берүү сындуу иш аракеттердин өнүгүшүнө алып келерин айтышууда.  


Бизнес жаатындагы өзгөрүүлөр


Карантин бүткөндөн кийин үйгө тамак жеткирип берүү кызматы да жолго коюлуп, жакшы өнүгөт, анткени шаар ортосунда заңкайган  имараттарды ижарага алып чоң суммадагы акча төлөп отурбай, кичинекей ишканадан эле тамак бышырып, элге жеткирүү алда канча экономикалык жактан пайдалуу эмеспи.




Дүйнөлүк айдыңдагы саясий оюнчулардын орундары алмашат 


Коронавирус пандемиясына каршы күрөштө айрым ири державалар да бүк түшсө, кайсы бир өлкөлөр бул илдетке каршы эффективдүү иш-аракеттерди жүргүзө алды.  Мисалы коронавирустун очогу болгон Кытай илдетти жеңип шаарларды карантинден чыгарып жатса,  Түштүк Корея, Сингапур вируска каршы ийгиликтүү аракеттерди жасап жатат.  

Ал эми Европа өлкөлөрү менен АКШ алардын фонунда жай жана башаламан аракет кылып жатканы ачык байкалды. Бул көрүнүш Батыш коомунун түзүлүшүнө болгон ишенимди жокко чыгарууда.  Мындан улам карантинден кийин дүйнөдө таасир талаш Батыштан Чыгышка көчөт дегендер да жок эмес. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн