Бугу 08, 2024
Убакыт: 09:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Кардарды 38 миң долларга алдаган курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

Кардарды 38 миң долларга алдаган курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

Бишкек шаарында ири суммадагы алдамчылыкка шектелген аял кармалды, деп билдирди бүгүн, 28-июлда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы.


Милицияга Бишкектин тургуну (аял киши) кайрылып, аны А.Ж. аттуу аял алдап кеткенин билдирген.


А.Ж. 2016-жылы «Фаворит Премьер» ЖЧКнын Чүй проспектисиндеги офисинде 38 миң долларга «Грин Вилла» коттеджин куруп берүүнү убадалаган. Бирок сураган акчасын алгандан кийин буюртманы аткарбай, 38 миң долларды өзүнүн муктаждыктарына короткон.


Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталган.


Биринчи май РИИБдин кызматкерлери шектүүнүн – 1972-жылы туулган А.Ж.нын жүргөн жерин аныкташкан. Аны милиция бөлүмүнө алып келип, убактылуу кармоочу жайга камакка алышкан.


Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Фаворит Премьер» ЖЧКсы турак жайларды жана башка имараттарды куруу менен алектенет. Жетекчиси – Аденова Жанна Турдубековна. Негиздөөчүлөрү — Рысбеков Сүйүнбек Рысбекович жана Сулайманкулова Саадат Касымбаевна.


Милиция А.Ж.нын мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогун иликтеп жатат. Ага байланыштуу шектүүдөн жабыркаган же кандайдыр бир маалыматы бар адамдар болсо 0707 10 59 16 телефон номуру же «102» кызматы аркылуу байланышууну суранат.


Булак: АКИпресс

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн