Кечээ, 10-мартта Саламаттык сактоо министрлиги өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда кесипкөйлүгү жана берилгендиги үчүн медицина кызматкерлерин Ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.
Ведомстводон билдиришкендей, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун ошол күнү нөөмөттө турган кызматкерлери, ошондой эле Улуттук кардиология жана терапия борборунун медицина кызматкерлери сыйланышты.
Белгиленгендей, алар 11-февралда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун имаратында чыккан өрт кырсыгында бейтаптарды эвакуациялоого жана тез медициналык жардам көрсөтүүгө катышып, жогорку жоопкерчиликти жана берилгендикти көрсөтүшкөн.
"Саламаттык сактоо министрлиги бул адистердин эмгегин жогору баалап, аларга терең ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн