Өрт чыккан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институтунда дарылануучу бейтаптар үчүн Улуттук кардиология жана терапия борборунун бейтапканасында амбулатордук жардам көрсөтүүчү эхокардиография аппараты менен атайын кабинет ачылып, кардиохирург врачтар иштөөдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, операцияга муктаж бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы Республикалык дартты аныктоо борборунун 5-кабатында убактылуу операция жасоочу клиникалык база даярдалууда.
“Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институтунда дарыланган бейтаптарды өлкөнүн башка ооруканаларына бөлүштүрүү иштер жүрүп жатат. Өлкөнүн түштүгүндөгү үч облустан келе турган бейтаптардын айрымдары Жалал-Абаддагы жүрөк хирургиясы ооруканасына, Оштогу балдар ооруканасына жайгашып, дарыгерлердин жардамын алып турушат. Ош облустук бириккен ооруканасынын базасынын бейтаптарды кабыл алуу шарттары да караштырылып жатат. Ал эми өлкөнүн түндүк аймагындагы бейтаптар Дартты аныктоо борборундагы дарыгерлерден жардам алышат”, - деди Нургүл Ибраева.
Ал эми өрт чыккан илимий изилдөө институтундагы өрттүн себептерин иликтөө иштери аяктаса, ал жактагы медициналык жабдыктар Дартты аныктоо борборуна жеткирилип иш улантылаарын Ибраева кошумчалады.
Эскерте кетсек, 11-февраль күнү кечинде аталган институтта өрт чыгып, ооруканадагы жалпы 104 адам эвакуацияланган. Бирок, өрттөн кийин 1 жаш 7 айлык бала жана 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. Негизи 70 орунду бул клиникага республиканын бардык аймактарынан оор акыбалдагы, операцияга муктаж жарандар келип дарыланышчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн