Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:27
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Карим Бензема 14 жылдан кийин "Реал Мадридден" кетти

04.06.2023 18:56
915
Карим Бензема 14 жылдан кийин "Реал Мадридден" кетти

Испаниялык "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Карим Бензема расмий түрдө клубдан кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы чабуулчу Сауд Аравиянын "Аль-Иттихад" клубуна өтөт.


Француз чабуулчусу мадриддик клубда 2009-жылдан бери ойноп келет. Жалпысынан ал падышлык клуб  үчүн 647 оюн өткөрүп, 353 гол киргизип, 165 голдук пас берген.


35 жаштагы чабуулчу мадриддик клуб менен 25 кубок утуп алган жана бул рекорддук көрсөткүч. Француз футболчу беш жолу Чемпиондор Лигасын, беш Клубдук Дүйнө чемпиондугун, төрт жолу Европанын Суперкубогун, төрт жолу Ла Лиганы, үч жолу Испаниянын Кубогун жана төрт жолу Испаниянын Суперкубогун уткан.

Безнема ошондой эле "Алтын топ - 2022" сыйлыгынын ээси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн