Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Карыларга, аксакал аталарга, апаларга кам көрүүбүз зарыл, - комендант Жоробеков

22.04.2020 15:36
981
Карыларга, аксакал аталарга, апаларга кам көрүүбүз зарыл, - комендант Жоробеков


Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу, деп билдирди комендант, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков түз эфирде.


Анын айтымында, 21-апрелден 22-апрелге караган түнү облус аймагында 21 кылмыш окуясы катталган болсо, алардын ичинен 6 кылмыш окуясы коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү.


Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы 2038 жаран кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы 129 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 144 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

 

Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам  жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакырам. Биз карыларга, аксакал аталарга, апаларга кам көрүүбүз зарыл. Аларды мындай кырдаалда кароосуз калтырбай, аларга көмөктөшүүгө чакырам. Бул багытта мамлекет, жергиликтүү бийлик жана комендатура да толук кандуу иш алып барууда. “Карысы бардын – ырысы бар”, - деди Ж.Жоробеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн