Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Карыяны "өлтүрөбүз" деп коркуткан жарандарга карата тергөө иштери жүрүүдө

01.06.2021 07:31
935
Карыяны "өлтүрөбүз" деп коркуткан жарандарга карата тергөө иштери жүрүүдө



Социалдык тармактарда "Кочкордо карыяны автоунаага салып алышып, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз"-деп коркутушуп видеого тарткан жарандар боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.


Бул факты Кочкор РИИБү тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын өздүгү такталып, алар Кочкор районунун тургундары 1993-жылы туулган Ж.А. жана 1994-жылы туулган М.М. экендиги аныкталган. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн ошол эле күнү жогорудагы жарандар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүнкү күндө Кочкор РИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн