28-декабрда Бишкек шаарында карызы бар 6 200дөн ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Андыктан уюм жарандарды карыздан кутулууга чакырат.
Керектөөчүлөр компаниянын сайтындагы "Абоненттик баланс" бөлүмүнөн өзүнүн жеке кабинетин таап, андан эсепти текшере алышат. Мындан тышкары, эсепти күнү-түнү иштеген call-борборго 1209, (0772/0702/0556) 00-12-09 номерлери аркылуу чалып же (0556) 00-12-09 WhatsApp номери аркылуу байланышып билсе болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн