Бүгүн, 25-октябрда Улуу Британиянын падышасы Карл III Риши Сунакты өлкөнүн премьер-министри кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Эске салсак, Пенни Мордант премьер-министрликке талапкерлигин алып салгандан кийин мурдагы каржы министри бул кызматка жалгыз талапкер болуп калган.
Британиянын башкаруучу Консервативдик партиясы лидерликке Сунакты шайланган.
Риши Сунак учурда 42 жашта. Ал Улуу Британиядагы 1812-жылдан берки эң жаш жана теги индиялык премьер-министр болуп калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн