Бугу 07, 2024
Убакыт: 00:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кармай турайын деп алган. Ооруканадан 2 айлык наристе уурдалды

01.12.2021 07:50
941
Кармай турайын деп алган. Ооруканадан 2 айлык наристе уурдалды

Тажикстандын борбору Душанбе шаарындагы поликлиникалардын биринде 2 айлык наристе уурдалды. Бул тууралуу "Азия Плюс" кабарлады.


Маалым болгондой, эне 2 айлык наристесин ооруканага текшертүү үчүн алып келген. Дарыгер аны мээлейсиз карабай турганын айтып дарыканага жиберген. Ал ортодо белгисиз аял бөбөктү кармап турууну сунуштаган. Бөбөктүн энеси ага кармата коюп, дарыканадан мээлей алып келгенде наристесин да, аны кармап турган аялды да таппай калган.


Аталган иш боюнча укук коргоо органдары издөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн