Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан автобустун айдоочусу жумуштан четтетилди

09.09.2024 09:26
151
Каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан автобустун айдоочусу жумуштан четтетилди


Каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан автобустун айдоочусу жумуштан четтетилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармаалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, жол чырактын кызыл түсүнө токтобай, айдап бара жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.

Бул маалымат боюнча кайгуул кызматынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери автобустун айдоочусун таап, каршы тилкеге чыккандыгы жана жол чырака баш ийбегендиги үчүн 20 миң 500 сом айып салышты.

"Ал эми айдоочунун ишмердүүлүгү коммиссиянын кароосунда каралап, бардык айып пулдарын төлөтүү менен жумуштан четтетүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн