Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 23:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Карт чиновниктин жаңы жыл алдындагы сыр ачуусу же ойгонгон абийирдин монологу

01.01.2024 12:11
319
Карт чиновниктин жаңы жыл алдындагы сыр ачуусу же ойгонгон абийирдин монологу


Бурадар эй, тиктеп көрчү, 

не байкадың эргулуңдун өңүнөн?

Ооба, ооба, санаа басып,

купкуу менин иреңим,

бу неликтен?

Неге минтип ант ичкендей кумсарып,

бир укмуштуу көрүнөм?

Неге минтип жаш кылгырат көзүмөн?

Оор үшкүрүк чыгат неге сөзүмөн?

Айтайынбы ал-жайымдын,

арманымдын жөнүнөн.

Кабар айтсам угасыңбы?

Капысынан,

какыраган сайга айланган 

жандүйнөмдүн чөлүнөн…

О бурадар,

бүгүн дүйнөм бүлүнүп,

ич жагымдан ыдыраймын… сөгүлөм…

Чамам жетпейт карманарга, 

айла жоктон алдыңарда

чарт жарылам… 

Капыс төккөн нөшөр сындуу төгүлөм!..


Энем мени бөлөктөргө,

окшошпоо үчүн төрөсө,

өзүң издеп тапкан жолдон,

бакыт тапкан эрен бол деп,

тилек кылып,

ак бешикке бөлөсө,

а мен болсом өз бактымды

башкаларга окшошуудан көрүпмүн.

Бороондорго төшүм тосуп,

өз чыйырым өжөрлөнүп издебей,

өзгөлөрдүн көндүм ишин,

башкалардын баскан изин

жата калып өбүпмүн.

Даяр жолдо, даяр жөөктө

бапестелип багылыпмын, өнүпмүн.

Аптаптарга куйкаланбай,

албууттанган бурганакта

азап чегип уйпаланбай,

о мен ойрон, 

Жашоо ыңгайын көздөгөнгө көнүпмүн.

Акырында бүгүн киммин?

Чынымды айтсам,

жер үстүндө басып жүргөн,

Мен бир тирүү өлүкмүн!..


Иван менен кошо болуп,

Эшмат менен кучакташып,

Ташмат менен кошо конуп,

эмне болсо ошо болуп,

топтой кошо тоголонуп,

бөрү болсо бөрү болуп,

түлкү болсо түлкү болуп…

Өзгөнү ээрчип, өмүр-жашоом эптепмин.

Ачык сөздү айтпаганда нетмекмин.

маңкурт болуп башкаларга кошулуп,

акыйкатты мен да кошо тепсепмин.

Эл намысын талашып,

күйгөн оттой жалбырттаган эрлерди,

мансаптуулар душман көрүп жектесе,

куюшканга кыпчылып,

мен да кошо кектепмин…

Ах, кантейин, кул экемин ээрчиме,

ок атыпмын акка каршы, 

түкүрүпмүн адалдыктын бетине.

Кызарбаган жүзүм менен жылмышма.

о кудай ай! Астыртадан,

катышыпмын кечиримсиз кылмышка.


Кайран башты этектердин астына,

колтуктарга катыпмын.

Коңулдарда жаан тийбей,

кургак бойдон жатыпмын.

О бурадар,

абийиримди көроокатка сатыпмын! 


Бу жашоонун тузун, кутун,

жалгандыкка кабыландай катылган,

арамдыкка Ак келтедей атылган,

көрбөптүрмүн жалындаган күрөштөн.

Аңдасамчы, кураларын өмүрдүн,

Ак жашаган ар бир ирмем, мүнөттөн.

Ай арман ай,

Кара башты калканчтарга далдаалап,

бу дүйнөнү тешиктерден шыкаалап,

канчалаган намысы жок күн өткөн.


Каңгайларга жер берем деп,

Хандар элди кыйнап турса,

күйүт күчөп ырбап турса,

Үзөңгү-Кууш чырлап турса,

мөңгүсүнөн жаш агызып,

мөгдөп тоом ыйлап турса,

кытай тарап ич жагынан,

кытмыр күлүп жыргап турса,

ыйык тоом бөтөндөргө кетсин деп,

көтөрүпмүн, сынып калгыр,

Мобереки колумду.

Кожоюнум көзүн кысса,

колдоптурмун чоңумду.

Колтугунда төрөлөрдүн,

көрмөк болуп сонунду…

Ойронмун го ошо менен

Опол тоодой олжо таап,

мен ары жок, 

толтурупмун жогумду.

Ушундайча уркум менен 

о Кудай ай,

астыртадан мээлеп туруп,

Ата журтка 

атыптырмын огумду!..


Бу заманда ыймансыздык

ташкындады жазгы кирген дайрадай,

буркулдады кышкы кирген буурадай,

Неге мынча бу балекет тайраңдады көрүнөө?

Ойлочумун: мындан менде не күнөө?


Көрсө… көрсө…

Кечир мени, о азаптуу мекеним!

Жамандыктын миллиондоп,

«төлдөшүнө» катышуучу экемин.

Бул жагынан мен алдыга озупмун.

Коңулдарда, колтуктарда «тынч» жүрүп,

арамдыкты көбөйтүүгө

астыртадан үлүшүмдү кошупмун:

Калдайлардын бет алдында,

калтыраган түрүм менен,

«мыёологон» үнүм менен,

мансап, байлык, наамдарга

майдаланган сүйүүм менен, 

кур шаңданган күнүм менен,

сыртта акыйкат улуп турса,

чындык ыйлап куруп турса,

тынч уктаган түнүм менен…


Мындай жашоо

неге зарыл айтсаңчы,

бу жалганың ушундайга

алмустактан муктажбы?

Жарык дүйнөң мына ушуга курсантпы?..

Андай болсо жемиштери,

натыйжасы кайсы анын,

Мына мобу бокко толгон курсакпы?..

       

Карачы эй, 

мобереки тоолорду,

көөдөн керип, көкөлөшүп бийикке,

өргө карай, өйдө карай жүргүн деп, 

үндөйт сени көрөр менен дароо эле.


Тоом турса бийиктикке чакырып,

айткылачы, пас болушка 

кандай акым бар эле?..


Улуу тоолор өргө үндөсө, 

куштай эргип, 

бийиктерге канатымды какпапмын.

Кайра ылдыйга балчыктарга секирип,

бака болуп кир көлчүктө чардапмын.


Миссионерлер,

Жорулардай, кузгундардай жайнаган, 

Ак мөңгүлүү Ала-Тоомо жутунуп... 

Алкы бузук бектеримди 

Арамдыкка тукуруп...

Доллардын азгырыгы учуруп, 

“Тактекеге” жатса айланып чоңдорум,

Чет өлкөлүк калдайлардын,

Тузагына тутулуп,

Капчыгына жутулуп...

Ат дарбыса мен да дарбып эшекче,

Ич жагымдан бузулуп, 

Сезбей-туйбай жатканымды утулуп, 

Үлүшүмдү аламын деп 

Төраганын аркасынан

Ээрчиптирмин кутуруп...


Акча-пулдун кызыгына батыпмын,

Четтен келген, мергенчиге кошулуп, 

Ала-Тоомдун аркарларын атыпмын. 

Ак мөңгүнүн алдындагы, 

Кендеримди, кенчтеримди сатыпмын. 

Ырыскылуу ыйыгымды пулдапмын, 

Ак мөңгүдөн агып чыккан 

Ак булагым булгапмын, 

Айылымдын келечегин уурдапмын...

       

Маңги башым,

Ишенгенсиң кимдерге?

Чек арамды ачыпмын ээ, 

Бөтөн, чоочун “жиндерге”,

Өткөрүпмүн балдарымды

Чет өлкөлүк диндерге!


Тебелеттим чоочундарга дилимди,

Унутупмун, о мен маңкурт, 

Манасымдай пиримди.

Өз жеримде бечарага айлантып, 

Өгөйлөпмүн, өз бир тууган тилимди!


О, бурадар,

Ушу менин уу жуткузган кейишим, 

Жерим кана,

Кимге кетти Каркырадай бейишим?

Аттиң-аттиң, алмашкамын эмнеге

Анда жаткан чоң атамдын бейитин!?.


О катүгүн,

бу жашоодо булганыпмын, кирдепмин,

дүйнө менден башталарын билбепмин.

бу дүйнөнүн тазалыгы ар жандын,

актыгында сакталарын билбепмин.

Көңкү журттун чындыгына,

тик караган эки көз,

түз сүйлөнгөн жети сөз

аруу күнгө алпарарын билбепмин.


Ата мекен өз тагдырын,

Ар атуулга тапшырарын билбепмин.

Ата журтум ар инсандын,

Абийиринен жакшырарын билбепмин. 


Бүркүт болуп төрөлсөм да энемден,

кошулбаймын бүркүттөрдүн сабына.

Бүркүт болом айтчы, кайсы арыма!

Өмүр бою аңыздарда аң уулап,

тоюп келсем чычкандардын канына…


Турам минтип кеч киргенде өкүнүп,

баскан изим бүт жаратпай өчүрүп,

бүт жандүйнөм ыйлап турат өкүрүп!..


О чоң Кудай,

кантип мени кечесиң,

көзүм өтсө кантип кирем көрүңө.

Кантип мени өткөрөсүң,

бейишиңдин төрүнө?

А мен доңуз, 

өмүр бою өзүмдү өзүм тозокко

даярдасам көрүнөө!..


Советбек Байгазиев 
"Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн