Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Каржы министрлиги Монголияга бара турган спортчулар үчүн канча каражат бөлүнгөнүн билдирди

14.04.2022 13:19
420
Каржы министрлиги Монголияга бара турган спортчулар үчүн канча каражат бөлүнгөнүн билдирди

Монголияда өтө турган Азия чемпионатына жана Бразилиядагы Сурдолимпиадалык оюндарга спортчулардын катышуусу үчүн 16 млн сом суммасында каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


“Дене тарбия жана спорт департаментинин иш-чараларын кошкондо, мамлекеттик органдардын чыгымдарын каржылоонун белгиленген тартиби бар экендигин белгилейбиз. Ага ылайык, негизги жана кошумча каржылоо жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шайлообек Атазов Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Азия чемионатына каражаттын айынан кете албай жатканын айтып, Каржы министрлиги каражат которбой жатканына токтолгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн