Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Каржы министрлиги фермерлерди колдоо үчүн донорлор менен 36 млн долларга келишим түздү

24.07.2020 14:44
959
Каржы министрлиги фермерлерди колдоо үчүн донорлор менен 36 млн долларга келишим түздү


Револьвердик фонддун алкагында Каржы министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында фермердик чарбаларга колдоо көрсөтүү үчүн донорлор менен 36 млн долларга келишимдерди түздү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү банктын револьвердик фондунун алкагында 1,3 млрд сом суммасындагы аукцион өткөрүлүп, аукционго катышуу үчүн тандоо критерийлерине жооп берген жана Каржы министрлиги менен кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн 4 коммерциялык банктын билдирмеси берилген.


Аукциондун жыйынтыгы боюнча банктар тарабынан жалпы суммасы 840 млн сомдук билдирмелер берилип, канааттандырылды.

Алар: «Айыл Банк» ААК, 200 млн сом суммасына - банка маржасы 4%;

- «Халык Банк Кыргызстан» ААК, 200 млн сом суммасына - банк маржасы 4%
;

- «Бакай Банк» ААК, 180 млн сом суммасына - банк маржасы 4%
;

- «Оптима Банк» ААК, 120 млн сом суммасына - банк маржасы 4%
;

- «Банк Азии» ЖАК, 140 млн сом суммасына - банк маржасы 4%.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн