Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Каржы министрлиги ишкердикти каржылоо боюнча 1,3 млрд сомго аукцион өткөрөт

23.06.2020 16:21
1267
Каржы министрлиги ишкердикти каржылоо боюнча 1,3 млрд сомго аукцион өткөрөт


Каржы министрлиги тарабынан KFW (Германия) фондунун каражаттары боюнча 1 300 млрд сом суммасына аукцион өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чара 2020-жылдын 23-июнуна пландаштырылган, «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасынын алкагында ишке ашырылат. 

Бүгүнкү күнү Каржы министрлиги он коммерциялык банк менен келишим түздү:

1. «Айыл Банк» ААК 

2. «Бакай Банк» ААК

3. «Банк Азии» ЖАК

4. «Банк Компаньон» ЖАК

5. «Демир Банк» ЖАК

6. «КБ Кыргызстан» ААК

7. «Оптима Банк» ААК

8. «Финка Банк» ЖАК 

9. «Халык Банк» ААК

10. «РСК Банк» ААК

Аукцион өткөрүлгөн соң жана бардык процедуралар аяктагандан кийин ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн бюджеттик каражаттарды банктарга берүү пландалууда. Банктардын тизмеси көбөйүшү мүмкүн. 

KfW Германия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын биринчи траншы айыл чарба чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн