Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунда эл менен жолугуп жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаев менен мурдагы Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев изделип жатканын билдирди.
«5-октябрдагы окуяда элге күч органдары ар кандай каражаттарды колдонгон. Бүгүнкү күндө УКМКнын жана ИИМдин мурдагы башчылары изделип жатат. Ошол учурда күч кызматкерлерине кимдер буйрук берген? Милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болуп кеткенине күнөөлүүлөр жазага тартылат», - деди ал.
Пикирлер (1)