Биринчи май райондук соту 24-мартта ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча ишин кароону улантты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу билдирди.
Анын айтымында, сот Асановдун жактоочуларынын мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди күбө катары мажбурлап алып келүү сунушун канааттандырды.
“Асановдун жактоочуларынын бири өтүнүч келтиргенбиз. Прокуратура таппай жатабыз деп жатат. Сот Жунушалиевди мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды. Кийинки сот отурумдарында алып келиши керек”, - деди Айткулов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн