Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Касым-Жомарт Токаев: COVID-19 менен күрөшүүдө Кыргызстан менен тилектештигибизди билдиребиз

31.07.2020 09:46
1055
Касым-Жомарт Токаев: COVID-19 менен күрөшүүдө Кыргызстан менен тилектештигибизди билдиребиз


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан элин жана КР президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады, деп маалымдады мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

«Жалпы мусулман жамааты үчүн боорукерликтин, адеп-аклактын жана ырайымдуулуктун баа жеткис көрүнүшү катары бул улуу майрам мусулмандардын руханий казынасында шек жок өзгөчө орунду ээлейт.

Бакубатчылыкты, байгерчиликти символдоштурган Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келсин жана биздин элдерибиздин биримдигин арттырсын.

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөнүн туруктуулугуна коркунуч келтирип жаткан COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан менен тилектештигибизди билдиребиз, эл аралык коомчулуктун жалпы күч-аракеттери менен биз биргеликте бул коркунучту жеңип чыгарыбызга ишенем», — деп айтылат казак президентинин куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековго бакты-таалай, ак ниет иштерине ийгиликтерди жана жетишкендиктерди, ал эми боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өсүүнү жана бакубатчылыкты каалады.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн