Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Касым-Жомарт Токаев: Кыргыз киночулары 1,5 млн долларга эле мазмундуу “Курманжан Датканы” тарта алышты

25.06.2020 19:32
1838
Касым-Жомарт Токаев: Кыргыз киночулары 1,5 млн долларга эле мазмундуу “Курманжан Датканы” тарта алышты


Бүгүн, 25-июнда казакстандык “Ана тiлi” гезитинде өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин интервьюсу жарыяланды.

 

Казакстандагы телекөрсөтүү жана радиоуктуруулардын сапаты тууралуу пикирин билдирген К.Токаев “россиялык аналогдорду көчүрмөлөй берүүнүн кажети жок” деп айтты.

 

Татымы арзан оюн-зоок шоуларга караганда, улуттук идеяларга шык берүүчү, түпкү тарыхыбызды таанытуучу программалар арбын болсо” деген казак президенти борбор азиялык кошуналардын тажрыйбасын үйрөнүү ашыкчалык кылбастыгын кошумчалады.

                                             

Ал казак тилин жайылтууда кинематографиянын мааниси зор экендигин баса белгиледи. Бизге тарыхый жана азыркы замандын проблемаларын чагылдырган сапаттуу продукциялар керек деген К.Токаев: “Кыргыз киночулары 1,5 миллион доллар бюджети менен эле кызыктуу жана мазмундуу “Курманжан Датка” тасмасын тарта алышты. Биздин кинематографисттер андан алда канча чоң каражаттарды сурашат, арийне ар дайым эле тартылган тасмалардын сапаты жогору эмес”, - деп айтты. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн